УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү жана аны мамлекеттик бийликтин бардык деңгээлдериндеги кызмат адамдары менен биригүүсү боюнча тынымсыз чаралар көрүлүп жатат, бирок келип түшкөн маалыматтар көрүлгөн чаралардын жетишсиздигин көрсөтүүдө. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
«Криминалдык авторитет Камчы Асанбек менен Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун ортосунда улуттук коопсуздук органдары тарабынан белгиленген байланышка өзгөчө көңүл бурууга татыктуу, себеби, 25-декабрда ал атайын Чолпон-Ата шаарына уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен «Барс» спорттук-эс алуу комплексинде жашыруун жолугушуу үчүн келгендиги аныкталды, бул боюнча далилдүү фактылар бар. Белгилей кетсек, кылмышкерлер менен мындай байланыштар бир гана чиновниктер эмес, өзгөчө эл өкүлдөрү, бийликти дискредитациялоого, элдин ишенимине доо кетирүүгө жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин экономиканы өнүктүрүүгө жана мамлекеттүүлүктү чыңдоого багытталган аракеттерин нейтралдаштыруу болуп саналат. Ушуга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде эл депутаттарына кылмыштуу элементтер менен байланышууга жол берилбестигин эскертет, бул алардын кылмыштуу аракеттерине шериктештик катары бааланат», — деп жазылат маалыматта.
Борбордук милициянын кызматкерлери УКМКнын Бишкек шаары башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте шаардын аймагында Хизб-ут-Тахрир диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармашты. Бул...
Кечээ, 4-июнда социалдык тармактарда Бишкектеги Тыналиев көчөсүндө тартылган видео тараган. Анда кызды күч менен унаага салып жатканын көрүүгө болот. Унаа...
Борбордук милициянын кызматкерлери тарабынан бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык жолугушуусунда жолдошунун колунан каза болгон келиндин аброюна шек келтирген блогер кармалды. Бул тууралуу...
Кечээ, 4-июнда социалдык тармакта Бишкектеги Тыналиев көчөсүндө тартылган видео тараган. Анда кызды күч менен унаага салып жатканын көрүүгө болот. Унаа...
Ошто 38 жаштагы келин 26-майда жолдошу тарабынан өлтүрүлгөн. Ал октон алган жаракатынан каза болгон. Келин тууралуу пост жазып, коомчулукта нааразычылык жараткан...