Иш-чарага президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов да катышты. Жыйында мыйзам чыгаруу процессине байланышкан бир катар маселелер талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды. Төрага Нурланбек Шакиев парламенттин кароосунда турган бардык мыйзам долбоорлору маанилүү экенине токтолуп, аларды өз убагында кабыл алуу зарыл экенин белгиледи. Ага ылайык, тармактык комитеттердин төрагаларын жана мүчөлөрүн жигердүү иштөөгө чакырды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын Душанбе шаарына жумуш сапары менен барды. Төраганын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конду. Аны...