Түркияда бир жумадан ашык 1,3 чакырым тереңдиктеги үңкүрдөн чыга албай калган америкалык спелеолог (үңкүр изилдөөчү) Марк Дики куткарылды. Бул тууралуу CNN жазды.
Марк Дики 2-сентябрда Морка үңкүрүнө түшүп жаткан учурда өзүн жаман сезип, ашказанынан кан кете баштаган. Ал бул убакта үңкүрдүн түбүндө болгон. 40 жаштагы изилдөөчү абалы тууралуу кесиптештерине кабарлаганга үлгүргөн. Ушундан кийин аны куткаруу боюнча чоң операция башталып, ага бир нече өлкөдөн 200дөй адис катышкан.
Маалыматка караганда, үңкүрдөгү температура төрт градустан ылдый, рельефи вертикалдуу туннелдерден, кууш өтмөктөрдөн жана чуңкурлардан турат. Жер бетине чыгууда Дикинин абалы начарлап, дарыгерлер ага жер астында кан куюуга аргасыз болушкан. Учурда изилдөөчү үңкүрдөн чыгарылып, дарыгерлер анын абалын көзөмөлдөп жатышат.
Түштүк Кореяда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо оппозициядагы Демократиялык партиянын талапкери Ли Чжэ Мён жеңди. Санактарга ылайык, ага шайлоочулардын 49 пайызы...
Мээси өлгөн, бирок ичиндеги ымыркайы өсүшү үчүн аппаратта жаткан америкалык аял тууралуу "Орда жазды". Маалыматка караганда, 2025-жылдын февралында сегиз жумалык...
Черногорияда сербиялык 19 жаштагы турист каза болду. Кыз парашютта бара жатканда коопсуздук курун чечип жиберген. Бул тууралуу SHOT жазды. Маалыматка...
Казакстандын Астана шаарында автобус жол кырсыкка кабылды. Айдоочу жолдогу мамыны сүзгөн. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, айдоочу автобуска ээ боло...