Черногорияда сербиялык 19 жаштагы турист каза болду. Кыз парашютта бара жатканда коопсуздук курун чечип жиберген. Бул тууралуу SHOT жазды.
Маалыматка караганда, кыз деңиздин үстүнөн парашют менен учууну чечкен. Бирок учуу маалында ал капысынан коопсуздук жиптерин жана курларын чече баштаган. Кыз дүрбөлөңгө түшкөндүктөн, жерге түшкүсү келген. Анын 50 метр бийиктиктен сууга кулаганы айтылды. Туристти сактап калууга мүмкүн болгон эмес.