Иш-чара жумушчу эртең мененки тамак форматында өтүп, ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери: Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев, түркмөн элинин Улуттук лидери Гурбангулы Бердымухамедов катышты. Жолугушуунун алдында президент Садыр Жапаров Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды. Жыйынды Германиянын президенти ачып, андан соң Борбор Азиянын бардык мамлекет башчылары сөз сүйлөштү.
Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын Душанбе шаарына жумуш сапары менен барды. Төраганын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конду. Аны...