Ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы САПтагы банк менен иштешүүгө ажылык министрлиги макулдугун бергенин, кошумча квота сурагандыгын айтты. «Быйыл расмий 6060 квота берилди. Буюрса Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев менен макулдашып, кошумча дагы квота сурап жатабыз. Эң негизгиси ажылыкка жакшы даярдык көрүүнүн аракетинде бир катар жолугушууларды өткөрүүдөбүз», — деди штаб төрагасы.
15-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
15-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу...