Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан Москванын түндүгүндөгү Альфи мунарасы курулуп жаткан аймактан Өзбекстандын 35 жараны кармалды. Алар ашканадагы кезек үчүн мушташа кетишкен.
Мушташ 16-ноябрда болгон. Басылмалардын маалыматына караганда, жумушчулар ашканада орун талашып, жаңжал мушташка чейин жеткен. Эки адам жабыркаган.
Жалпысынан полиция бөлүмүнө 37 адам жеткирилген, алардын 35и Өзбекстандын, дагы экөө Орусия менен Түркиянын жарандары. Мушташтын төрт катышуучусу кармалып, дагы бир нече куруучу изделүүдө. Чыр-чатактын чыгышына себепчи болгондорго “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Түштүк Кореяда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо оппозициядагы Демократиялык партиянын талапкери Ли Чжэ Мён жеңди. Санактарга ылайык, ага шайлоочулардын 49 пайызы...
Мээси өлгөн, бирок ичиндеги ымыркайы өсүшү үчүн аппаратта жаткан америкалык аял тууралуу "Орда жазды". Маалыматка караганда, 2025-жылдын февралында сегиз жумалык...
Черногорияда сербиялык 19 жаштагы турист каза болду. Кыз парашютта бара жатканда коопсуздук курун чечип жиберген. Бул тууралуу SHOT жазды. Маалыматка...
Казакстандын Астана шаарында автобус жол кырсыкка кабылды. Айдоочу жолдогу мамыны сүзгөн. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, айдоочу автобуска ээ боло...