Дүйшөмбү, 09.06.2025
Бишкек booked.net
+20...+36° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Мүлктөрүмдүн баасы 20 миллион доллардын тегереги болот экен». Садыр Жапаров билдирүү жарыялады

16:47 15.02.2024
0
«Мүлктөрүмдүн баасы 20 миллион доллардын тегереги болот экен». Садыр Жапаров  билдирүү жарыялады

Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына билдирүү жарыялап, мүлктөрүн көрсөттү.

«Былтыр кирешени легалдаштыруу жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзамды өлкөбүздүн бай жарандары капиталдарын чет өлкөлөрдө кармабастан, өз өлкөбүзгө алып келишсин, накталай акчаларын чет өлкөлөрдүн банктарында катып жатпастан, бул жакка которуп, өзүбүздүн банктарга салсын, өзүбүздүн экономикабыздын пайдасына иштесин деген максатта кабыл алганбыз. Мыйзам 1-июлга чейин күчүндө болот. Андан кийин күчүн жоготот.

Эми иштин чоо-жайына өтөйүн. Буга чейин баарыбыз эле (карапайым калктан башка орто бизнесмендерден тарта жогоркулардын баары) мүлктөрүбүздү башка бирөөлөрдүн аттарына каттатып келгенибиз жашыруун эмес. Мындан сырткары, эң бай деген жарандарыбыз бүгүнкү күнгө чейин миллиарддарын чет өлкөлөрдөгү банктарда кармап жатышат. Мындай байлар бизде көп. Эмне үчүн чет өлкөлөрдө катып жатышат деген суроого жооп жөнөкөй эле. Буга чейин мынча акчаны кайдан, кантип таптың, канча салык төлөдүң деген суроо туулуп, маселе жаралат эле.

Эми мына ушул мыйзам менен андай маселе жаралбагандай кылып, легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн түзүп берип жатабыз. Бул мүмкүнчүлүк 1-июлга чейин гана иштейт. Андан кийин иштебейт. Ошондуктан кечикпей легалдаштырып, үлгүрүп калыңыздар. Эми өзүмдүн мүлктөрүмө токтолоюн.

Мен 2005-жылы Жогорку Кеңешке эл өкүлү болуп бизнес чөйрөсүнөн келгем. Бул сүрөттө турган имаратты (Бишкек ш., Ибраимов көчөсү, 96) 2005-жылы жаңыдан куруп баштап, 2010-жылы бүткөнбүз. Апрель ыңкылабынан кийин «Ата-Журт» партиясынын штабы катары колдонгонбуз. Кийин биз оппозиция болгондугубузга байланыштуу куугунтукталып, 2020-жылга чейин бул имарат толук кандуу иштебей турду. Бирок, ошентсе да, жер жана имарат үчүн салыктарын өз убагында толук төлөп келдик. 2020-жылы президенттик штаб катары колдондум. Андан бери толук кандуу иштей баштады. Албетте, жогоруда айткандай, менин имараттарым да мурда башка бирөөлөргө катталган эле. Эми легалдаштыруу мыйзамынын негизинде өзүмө каттаттым. Мен өзүм башкаларга үлгү көрсөтөйүн деп биринчилерден болуп легалдаштырдым.

Кыскасын айтканда, бардык мүлктөрүмдүн баасы 20 миллион доллардын тегереги болот экен. Легалдаштыруу үчүн мамлекетке 1 миллион сом төлөп бердим. Мыйзамдын талабы ушундай. Чет өлкөдө каткан акчаларым жок, болсо аларды да алып келип өзүбүздүн банктарга салып коймокмун.

Эми биздин бай жарандарыбызга кайрыламын. Ушул мыйзамды пайдаланып, өз мүлктөрүңөрдү өзүңөргө каттап, легалдаштыргыла жана чет өлкөлөрдөгү банктарда катып жаткан акча каражаттарыңардын баарын биздин банктарга которгула. Бул мыйзамдын негизинде мамлекет силердин капиталыңардын коопсуздугуна 100 пайыз толук кепилдик берет.

Акча каражаттарыңар өз өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн иштесин. Мамлекетке тийген пайдасы ошол. Башка максат жок. Сурак болбойт. Мындан ары ички инвесторлор менен чет өлкөдөн келген инвесторлор үчүн бейиштей шарттарды түзүп бергенге мамлекеттин бардык күчүн жумшайбыз», — деп жазды ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Депутат Улан Примов Алай районундагы жол тейлөө иштери менен таанышты

Депутат Улан Примов Алай районундагы жол тейлөө иштери менен таанышты

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:36 08.06.2025
0

Кечээ, 7-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Алай районундагы “Кыргыз автожол” мамлекеттик ишканасынын №960-жол эксплуатациялоо филиалына барып, аталган мекеменин ишмердүүлүгү...

Дайынсыз жоголгон 17 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Дайынсыз жоголгон 17 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:09 08.06.2025
0

Кечээ, 7-июнда ИИМ жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери издөө иштеринин жүрүшүндө дайынсыз жоголгон Бермет Тагаеванын сөөгүн табышты. Бул тууралуу Свердлов...

Ош шаарындагы Лениндин эстелигинин ордуна Бишкектегидей желек сап орнотулат

Ош шаарындагы Лениндин эстелигинин ордуна Бишкектегидей желек сап орнотулат

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:23 08.06.2025
0

Ош шаарындагы Лениндин эстелиги башка жерге жылдырылат. Анын ордуна Бишкектегидей желек сап орнотулат. Бул тууралуу Ош мэриясынан маалымдашты. "Мисалы Орусиянын...

Нарында 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарында 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:51 07.06.2025
0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 09:33тө Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган....

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы: «Акыркы мезгилде мото айдап, оор жаракат алгандардын саны өсүп жатат»

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы: «Акыркы мезгилде мото айдап, оор жаракат алгандардын саны өсүп жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:43 07.06.2025
0

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы мото-скутер айдоочулары жана алардын ата-энелерине кайрылды. "Акыркы мезгилде мото айдап, жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алган,...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Дайынсыз жоголгон 17 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Дайынсыз жоголгон 17 жаштагы кыздын сөөгү табылды

11:09 08.06.2025
Ош шаарындагы Лениндин эстелигинин ордуна Бишкектегидей желек сап орнотулат

Ош шаарындагы Лениндин эстелигинин ордуна Бишкектегидей желек сап орнотулат

10:23 08.06.2025
Депутат Улан Примов Алай районундагы жол тейлөө иштери менен таанышты

Депутат Улан Примов Алай районундагы жол тейлөө иштери менен таанышты

17:36 08.06.2025
Депутат Улан Примов Алай районундагы жол тейлөө иштери менен таанышты

Депутат Улан Примов Алай районундагы жол тейлөө иштери менен таанышты

17:36 08.06.2025
Дайынсыз жоголгон 17 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Дайынсыз жоголгон 17 жаштагы кыздын сөөгү табылды

11:09 08.06.2025
Ош шаарындагы Лениндин эстелигинин ордуна Бишкектегидей желек сап орнотулат

Ош шаарындагы Лениндин эстелигинин ордуна Бишкектегидей желек сап орнотулат

10:23 08.06.2025

АРХИВ

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
« Май    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү