Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-апрелде Апрель элдик революциясынын кезектеги жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
“Апрель элдик революциясы күнү – үй-бүлөлүк, кландык бийликти тактан кулаткан, адилетсиздик менен зордук-зомбулукка моюн сунбаган, эркиндикти сүйгөн кыргыз элинин рухун даңазалаган күн! Элдин эрки менен эсептешпей калган бийликтин арымы кыска, келечеги бүдөмүк болору айкындалган күн!
Өлкө башына кайсы бийлик келбесин, элдин аруу тилегин атуулдук ариети жана иштиктүү аракети менен актоого тийиш. Апрель окуясында шейит болгон баатырларыбыздын жана карапайым элибиздин мүдөөсүн актай турган, жаркын келечек үчүн жаңы кадамдар башталды. Ар тармакта элдин кызыкчылыгын алдыңкы орунга койгон реформалар жасалып жатканы жалпыңыздарга белгилүү.
Коом турмушу өтө саясатташып турган бүгүнкүдөй учурда ачык-айкындуулук, акыл-эстүүлүк, сабырдуулук зор мааниге ээ. Эгерде эл ичинде биримдик, өлкөдө туруктуулук болбосо, калк турмушу оңолбойт. Эң башкысы элибизде ынтымак, ишеним жана бири-бирибизге колдоо болсо, алдыбызга койгон бийик максаттарга жетээрибизге терең ишенем.