Шейшемби, 15.07.2025
Бишкек booked.net
+21...+36° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Нурланбек Шакиев Монголиянын парламентинин төрагасы менен жолукту (сүрөт)

17:30 23.04.2024
8
Нурланбек Шакиев Монголиянын парламентинин төрагасы менен жолукту (сүрөт)

Төрага Нурланбек Шакиев Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен жолугушту.

Алгач эки парламенттин төрагалары ардактуу кароол тизилген аянтта учурашып, андан соң Чыңгыз хандын эстелигине таазим кылышты. Ошондой эле Нурланбек Шакиев Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилегин жазып калтырды. Жолугушуу кеңири курамда уланып, анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Нурланбек Шакиев кыргыз тилинде саламдашып, жылуу кабыл алгандыгы үчүн Улуу Мамлекеттик Хуралдын төрагасы Гомбожавын Занданшатарга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Кыргызстан менен Монголияны Алтай цивилизациясы жана эзелтен калыптанган тарыхый байланыштар жакындатып турарын белгилеген Нурланбек Шакиев: «Акыркы жылдары кызматташтыгыбыз жигердүү өнүгүп келет. Кыргызстандын өлкө башчысы өткөн жылы Монголияга расмий иш сапары менен келип, мамлекеттер аралык мамилени арттырууга багытталган келишимдерге жетишилген. Айрыкча Улан-Батордо Кыргыз Республикасынын элчилигинин ачылышы, бардык тармактар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө көмөкчү болууда», — деди.

Муну менен катар ушул жылдын февраль айында Улуу Мамлекеттик Хуралдын төрагасы Кыргызстанга жасаган расмий сапары ийгиликтүү болгонун эске салган төрага анда да алакаларды арттыруу багытында алгылыктуу кадамдар жасалганын кошумчалады. Андан тышкары, соода-экономикалык байланыштар тууралуу да айтылып: «Кыргыз тарап тоо-кен өнөр жайы, мал чарбачылыгы, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жаатындагы экономикалык кызматташтыкты күчөтүү маанилүү деп эсептейбиз. Айрыкча биз Монголияга Кыргызстанда өндүрүлгөн таза экологиялык айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыкдарбыз. Бул үчүн транспорттук-логистикалык көйгөйлөрдү чечүүбүз кажет», – деди Нурланбек Шакиев.

Ошондой эле маданий байланыштар тууралуу да сөз кылган төрага Манас баатырдын эстелигин Улан-Батордогу көчөлөрдүн бирине ыйгарууну жана айкелин тургузууну сунуштады. Өз кезегинде Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар чакырууну кабыл алып келгендиги үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, кыргыз-монгол мамилелерине байланышкан маселелерге токтолду.

 

1 / 7
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластерин куруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластерин куруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Автор СЕРЕП МЕДИА
21:17 14.07.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-июлда Чолпон-Ата шаарында «Ала-Тоо Резорт» бардык сезондук кластерин куруу боюнча даярдык иштеринин жүрүшүнө арналган жумушчу кеңешме...

Баатырбек Жантаев Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды

Баатырбек Жантаев Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:57 14.07.2025
0

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары...

Балыкчы шаарынын мэри ээлеген кызматынан бошотулду

Балыкчы шаарынын мэри ээлеген кызматынан бошотулду

Автор Алтынай Тынышова
12:59 14.07.2025
0

Балыкчы шаарынын мэри Султан Кермалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. "Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык,...

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:07 29.06.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда Чолпон-Ата шаарында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды. Тараптар эки тараптуу жана көп...

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды

Автор Эдита Ильясова
17:41 04.06.2025
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын Душанбе шаарына жумуш сапары менен барды. Төраганын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конду. Аны...

Комментарийлер 8

  1. Гулбарчын says:
    1 год ago

    Азаматсын, Нурлан мырза! Олкобуз гулдоп, онуксуе!

    Ответить
  2. Шарабидин Аматов says:
    1 год ago

    Мамлекетибиздин Парламентинин спикери Нурлан мырзанын Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы менен жолугушуусу, экономикалык, маданий кызматташтыкты кеңейтүү сүйлөшүүлөрү бүгүнкү күндө керектүү жана маанилүү маселе. Кыргызстаныбыздын эл аралык аренадагы орду жогорулай берсин. Ийгиликтер болсун!

    Ответить
    • Чынгыз Нурманов says:
      1 год ago

      Урматтуу Нурлан Тургунбекович, иш сапарыныз жемиштуу болсун! Эл аралык мамилелердин бекемделиши олкобуз учун чон пайда алып келет. Сиз баштаган Кыргыз парламенти олкобуздун экономикалык абалын жогорулатуу учун чон салым кошууда. Ийгиликтер болсун!

      Ответить
  3. Батаканова Светлана Топчиевна- Агрардык университетинин проректору says:
    1 год ago

    КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Т. Шакиев өлкөбүздүн анык патриот инсаны. Мыкты иштеп жатат. Монголияга барганда да жүйөлүү сунуштарын айтты. Айрыкча, эки өлкөнүн кызматташуусуна токтолгону, транспорттук-логистикалык көйгөлөр тууралуу айткандары туура! Ишине ийгиликтерди каалайьыз!

    Ответить
  4. Элиза Асанова says:
    1 год ago

    Кыргыз мамлекетибиздин Парламентинин спикери Нурлан Тургунбекович мыкты иштерди алып барып атат, бул иш сапарынызда дагы маанилүү маселер айтылыптыр.
    КР өнүгүп, өсө берсин!

    Ответить
  5. Гулзат Садырова says:
    1 год ago

    Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин спикери Нурланбек Шакиев расмий иш сапары байсалдуу болсун, Кыргызстан менен Монголия мамлекеттер аралык мамилени арттырууга багытталган келишимдер ишке ашсын! Ийгиликтерди калайбыз!

    Ответить
  6. Максат Ахмеджанов says:
    1 год ago

    Урматтуу Нурланбек Тургунбекович,
    Иш сапарыныз байсалдуу болсун!

    Ответить
  7. Жанузакова Ибадат. says:
    1 год ago

    Учурдагы парламенттин жүргүзүп жаткан иштеринде жаңычылдык, ачык-айкындуулук , эл аралык деңгээлдеги аброю, орду сөз кылууга арзууда. Төраганын жетик көз карашы, так, туруктуу позициясы, саясий чечимдерде күчтүү эрки, өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө керектүү көптөгөн мыйзамдарды кабыл алууда чечкиндүүлүгү, принциптүүлүгү ачык көрүнүүдө.
    Монгол Элдик Республикасы менен Кыргызстандын достук алакасын жакшыртууга парламентаризмдин кошкон салымы жана аны мындан ары бекемдөөгө ишеничтүү кадамдар болуп жатканы кубанычтуу. Достук маимлелер тынчтык жолунда улана берсин,! Ишиңизге албан ийгиликтерди каалайм, урматтуу төрага, Нурланбек мырза,!

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Балыкчы шаарынын мэри ээлеген кызматынан бошотулду

Балыкчы шаарынын мэри ээлеген кызматынан бошотулду

12:59 14.07.2025
Ысык-Көлдө скутер айдоочу баланы сүзүп кеткени маалымдалды

Ысык-Көлдө скутер айдоочу баланы сүзүп кеткени маалымдалды

16:47 14.07.2025
Ошто каналга түшүп кеткен 21 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Ошто каналга түшүп кеткен 21 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

11:01 14.07.2025
Экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов 76 жашында каза болду

Экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов 76 жашында каза болду

21:47 14.07.2025
Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластерин куруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Садыр Жапаров "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластерин куруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

21:17 14.07.2025
Ысык-Көлдө скутер айдоочу баланы сүзүп кеткени маалымдалды

Ысык-Көлдө скутер айдоочу баланы сүзүп кеткени маалымдалды

16:47 14.07.2025

АРХИВ

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
« Июн    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү