Бүгүн, 14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шектелип кармалган саясатчы жана жарандык активисттердин баарын актады. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Кемпир-Абад иши боюнча жалпы 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алардын ичинен 22 кишиге актоо өкүмү чыкты. Алар: Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев жана Мамбетжунус Абылов.
Талас шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоевди 9-июлга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу Талас облустук сотунун басма сөз...
Кечээ, 10-июнда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бирдик айылындагы мал фермадан ири өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Тилсиз жоонун кесепетинен...
Номурун жашырып автоээнбаштык жасаган той кортежине 30 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан...
Чүйдө адам өлтүрүүгө аракет кылууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 9-июнда Ысык-Ата РИИБге Ново-Покровка айылынын тургунунун өмүрүнө коркунуч...