Номурун жашырып автоээнбаштык жасаган той кортежине 30 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Май куйуучу жайлардын биринде BMW унаасынын айдоочусу мамлекеттик номурун атайын чечип, автоээнбаштык жасап жаткандыгы боюнча видео тараган.
Бул факты боюнча издөө иштери жүргүзүлүп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан айдоочусу аныкталып, автоээнбаштык жасагандыгы жана мамлекеттик номурун чечип жашыргандыгы үчүн 30 миң 500 сом айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду.
Посмотреть эту публикацию в Instagram