Шаршемби, 09.07.2025
Бишкек booked.net
+20...+30° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

«Мамлекет кай жакты карап келген?». Жапаров менен Ташиев УКМКнын Чүйдөгү жаңы имаратын ачышты

15:35 19.12.2024
0
«Мамлекет кай жакты карап келген?». Жапаров менен Ташиев УКМКнын Чүйдөгү жаңы имаратын ачышты

Бүгүн, 19-декабрда президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.

“Кыргыз мамлекетинин улуттук коопсуздук органдарынын калыптануу тарыхы тээ 1918-жылдан башталса, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Чүй облусу боюнча башкармалыгы 1991-жылы түзүлгөн экен. Ушул мезгилден баштап УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы Чүй облусундагы контрчалгындоо иштерин камсыздоону үзгүлтүксүз аткарып келет.

Айтайын дегеним, жогоруда белгиленген мезгилдерде Чүй облусу боюнча башкармалыктын өзүнүн туруктуу имараты жок болгондугуна байланыштуу, ар кайсы обьектилерде жайгашууга мажбур болгон экен. Маселен, 2007-жылга чейин Токмок шаарында иш алып барса, 2007-2010-жылдар аралыгында УКМКнын аскердик бөлүгүнүн аймагында иштеген.  2010-жылдан тартып 2012-жылга чейин Чек ара кызматынын имаратында жайгашкан.  2012-2017-жылдары болсо УКМКнын Антитеррордук борборунун мекемесинде иштеп келишкен. Борборубуз Бишкек шаары жайгашкан кең Сары-Өзөн Чүй облусу боюнча башкармалыктын өзүнүн имараты жок иш алып барышы эле көп нерседен кабар берип турат. Мамлекет кай жакты карап келген деген суроо туулат.

Албетте, башкармалыктын негизги функциясы — конституциялык түзүлүштү коргоо, терроризмге каршы аракеттенүү, контрчалгын, маалымат-аналитикалык талдоо иштери үзгүлтүккө учураган эмес. Ошентсе да административдик имараттын жоктугу кайсы бир деңгээлде толук кандуу иш жүргүзүүгө өз кедергисин тийгизип келген.

Мына ушундан улам, 2022-жылы демилге көтөрүп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облусу боюнча башкармалыгы бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бере турган жаңы имаратын курууну тапшырган элем. Ошол тапшырмамдын негизинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жаңы имарат салууну өз колуна алган. Натыйжада, УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы, өзүңүздөр күбө болуп тургандай, жаркыраган имараттуу болуп олтурушат.

Расмий маалыматтарга ылайык, көп этностуу Чүй облусунда 1 069 000 адам жашайт. Бирок облустагы ички жана тышкы миграциянын абдан чоң деңгээлине байланыштуу, иш жүзүндө 1,5 миллионго жакын эл бар. Бул өлкө калкынын жалпы санынын 21 пайызын түзөт. Демек, облустук башкармалык катары сиздердин иш көлөмүңүздөр бир топ чоң. Ошого жараша ыңгайлуу имараттын болушу дагы максатка ылайыктуу.

Мына эми ошол боштук, кенемте бүгүн толуп олтурат десем болот. Бул заманбап имараттардын ачылышы менен Улуттук коопсуздук орган кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу жана ыкчамдыгы артып, ички-тышкы коркунучтарга каршы күрөшүүнүн сапаты жогорулайт деп үмүт артам!» — деди президент.

Жалпы аянты 5000 чарчы метрди түзгөн жаңы имаратка керектүү материалдык-техникалык жабдуулар алынып, кызматкерлердин толук кандуу иш алпарышына бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

 

1 / 23
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Гүлмайрам Сабирбекова

Гүлмайрам Сабирбекова

Окшош

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:07 29.06.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июнда Чолпон-Ата шаарында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды. Тараптар эки тараптуу жана көп...

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Тажикстанга барды

Автор Эдита Ильясова
17:41 04.06.2025
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын Душанбе шаарына жумуш сапары менен барды. Төраганын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конду. Аны...

Жапаров: «Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин»

Жапаров: «Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай Бакиевге карыз эмесмин»

Автор Эдита Ильясова
10:11 04.06.2025
1

3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди...

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Президенттин жообу

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Президенттин жообу

Автор Эдита Ильясова
10:00 04.06.2025
0

Өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип, "Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Же сот чечими өзгөрүшү мүмкүнбү?" деген...

Жапаров: «Мурдагы президенттерди Дубайга чогулткандан кийин абал тынчыды»

Жапаров: «Мурдагы президенттерди Дубайга чогулткандан кийин абал тынчыды»

Автор Эдита Ильясова
09:53 04.06.2025
0

3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Лента тагып койгула». Камчыбек Ташиев Ош шаарынын мэрине унаа белек кылмай болду

"Лента тагып койгула". Камчыбек Ташиев Ош шаарынын мэрине унаа белек кылмай болду

16:11 08.07.2025
Чүйдө аял уулу тарабынан сабалып, ооруканага түштү

Чүйдө аял уулу тарабынан сабалып, ооруканага түштү

09:40 09.07.2025
«Бут кийимдин боосу менен муунтушкан». Ысык-Көлдө таксист киши колдуу болду

"Бут кийимдин боосу менен муунтушкан". Ысык-Көлдө таксист киши колдуу болду

09:22 09.07.2025
Камчыбек Ташиев Оштун мэрине убадалаган унааны берди (видео)

Камчыбек Ташиев Оштун мэрине убадалаган унааны берди (видео)

14:30 09.07.2025
Ошто Камчыбек Ташиев катышкан жыйында 2 салыкчы кармалды (видео)

Ошто Камчыбек Ташиев катышкан жыйында 2 салыкчы кармалды (видео)

14:14 09.07.2025
Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолу ачылды (видео)

Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолу ачылды (видео)

12:48 09.07.2025

АРХИВ

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
« Июн    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү