Милициянын кайгуул кызматы тарабынан Бишкек мэриясынын алдында жол эрежесин бузгандарга айып пул салынды. Видеосу социалдык тармактагы баракчага жарыяланды.
Инспектор Мирлан Таалайбеков мэриянын кире беришинде унаа токтотуу эрежеси массалык түрдө бузулганын белгиледи. Жарыяланган видеодон Бишкек шаардык кеңештин депутаты, алып баруучу Нурзат Токтосунованы да көрүүгө болот. Инспектор ага коопсуздук куру жок унаа айдоо жол эрежесин бузуу экенин, айып пул салууга протокол толтурулушу керектигин айткан.
«Мен депутатмын. Жыйынга кетип бара жатабыз», — деген Токтосунова депутаттык күбөлүгүн көрсөткөн.
«Мен документ сурадым. Күбөлүк эмес», — дейт инспектор.
«Мен коопсуздук курун бул жактан эле чечтим. Унаамды ошол жерге токтотоюн дегем», — деген алып баруучу.
Бул видео соцтармактарга жана ЖМКларга чыккан соң, Нурзат Токтосунова Инстаграмдагы баракчасына видео жүктөдү. «Депутаттык күбөлүгүмдү көрсөтүү боюнча интернет «жарылып» жатат го. Биринчиден, инспектор тарабынан жигитчилик болбой калыптыр. Себеби камера тартканга чейинки сүйлөгөнү жок экен. Ооба, мен туура эмес кылдым. Унаа токтогонго чейин коопсуздук курун чечпешим керек эле. Бирок мен унаа токтотуучу жайга киргенде чечтим. Бул унаа токтотуучу жайдын ичинде болчу. Ошол жигит аман эле болсун», — деди Токтосунова.
Кечээ, 7-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Алай районундагы “Кыргыз автожол” мамлекеттик ишканасынын №960-жол эксплуатациялоо филиалына барып, аталган мекеменин ишмердүүлүгү...
Кечээ, 7-июнда ИИМ жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери издөө иштеринин жүрүшүндө дайынсыз жоголгон Бермет Тагаеванын сөөгүн табышты. Бул тууралуу Свердлов...
Ош шаарындагы Лениндин эстелиги башка жерге жылдырылат. Анын ордуна Бишкектегидей желек сап орнотулат. Бул тууралуу Ош мэриясынан маалымдашты. "Мисалы Орусиянын...
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 09:33тө Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган....
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы мото-скутер айдоочулары жана алардын ата-энелерине кайрылды. "Акыркы мезгилде мото айдап, жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алган,...