АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин узакка созулган телефон сүйлөшүүсүн өткөрүштү. Американын президенти сүйлөшүүнү «узак жана жемиштүү» деп мүнөздөдү. Бул тууралуу CNN жазды.
«Биз биргелешип иштөө, тыгыз кызматташуу, анын ичинде бири-бирибизге баруу тууралуу макулдаштык. Мен азыр Украинанын президенти Зеленскийге байланышам», — деп жазган Трамп.
Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүү болгонун ырастады. Мамлекет башчылары Орусия жана АКШ жарандарынын алмашуусуна байланыштуу маселелерди талкуулаган. Песков: «АКШ президенти америкалык тарап жетишилген макулдашуулардын баарын аткараарына ишендирди», — деди. Анын айтымында, Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу темасы да талкууланды. «Трамп согушту тез арада токтотуу жана тынчтык жолу менен маселени чечүүгө чакырды. Путин өз кезегинде чыр-чатактын түпкү себептерин жоюу керектигин айтты», — деди Песков.