Жалал-Абадда алдамчылыкка шектелип 47 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Жасалып жаткан кылмыштардын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин натыйжасында, “QRAX” санариптик акча тиркемесин пайдалануу менен аял бир нече жарандарды алдап жүргөндүгү маалым болгон. Аталган маалымат Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1977-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну кармалган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал тарабынан жасалган 27 кылмыш иши аныкталып, жалпы сумма 3 миллион 534 миң 330 сомду түзгөн.
«Мага аял келип, «криптомонета деген чыгыптыр. Акча көбөйтүп, байып кетсе болот экен» деп 100 миң сомумду алып кеткен. 2 жылдан бери алдап келе жатат. Эч кимге ишенбеңиздер», — деди жабырлануучунун бири.
Борбордук милициянын кызматкерлери УКМКнын Бишкек шаары башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте шаардын аймагында Хизб-ут-Тахрир диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармашты. Бул...
Кечээ, 4-июнда социалдык тармактарда Бишкектеги Тыналиев көчөсүндө тартылган видео тараган. Анда кызды күч менен унаага салып жатканын көрүүгө болот. Унаа...
Борбордук милициянын кызматкерлери тарабынан бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык жолугушуусунда жолдошунун колунан каза болгон келиндин аброюна шек келтирген блогер кармалды. Бул тууралуу...
Кечээ, 4-июнда социалдык тармакта Бишкектеги Тыналиев көчөсүндө тартылган видео тараган. Анда кызды күч менен унаага салып жатканын көрүүгө болот. Унаа...
Ошто 38 жаштагы келин 26-майда жолдошу тарабынан өлтүрүлгөн. Ал октон алган жаракатынан каза болгон. Келин тууралуу пост жазып, коомчулукта нааразычылык жараткан...