4-октябрь күнү ӨКМ маалымат таратып, 18-сентябрда 1977-жылы туулган эркек киши жана 1976-жылы туулган аял киши Эңилчек айылынан чыгып, тоо тарапка Баш-Көл көлүнө кеткен бойдон кайтып барышпаганын билдирген.
Ошол эле күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 06:30да 5 куткаруучу, 4 милиция кызматкери жана 3 жергиликтүү тургун тартылып, саат 13:00дө Эңилчек айылына жетишип, түнөп калышкан. Бүгүн, 6-октябрда саат 06:00дө куткаруу тобу Баш-Көл көлүн көздөй издөө иштерин баштаган. Издөө иштеринин натыйжасында аталган жарандар Теректи ашуусунан аман-эсен табылды. Куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышууда.