Бүгүн, 23-октябрда президент Садыр Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. Жыйындын жүрүшүндөСуперТВ телеканалынын журналисти өлкө башчыга кыргыз-тажик чек арасын ачуу боюнча суроо берди.
«Биз студенттер үчүн чек араны ачкыла деген элек. Бизде окуп жаткан студенттер бар да. Алар келип окуусун улантышы керек. Чек аранын ачылар же ачылбасы делимитация жана демаркация иштери бүткөндөн кийин гана болот. Ага чейин «ызы-чуу болуп кетпесин» деп кармап турабыз. Мына жана да айтып өттүм, эртең же дүйшөмбү күнү Тажикстанга биздин өкмөттөр аралык комиссия учуп кетет. Булар күн сайын тынымсыз иштеп жатышат. Канчалык тез бүтсөк, ошончолук тез ачылат. Ачабыз. Өзбекстан менен кандай бүтүргөн болсок, кандай иштеп аткан болсок, Тажикстан менен дагы кийин буюрса, ошондой мамилени калыбына келтиребиз», — деди президент.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстандын Душанбе шаарына жумуш сапары менен барды. Төраганын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конду. Аны...
3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди...
Өлкө башчысы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек берип, "Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камакка алынабы? Же сот чечими өзгөрүшү мүмкүнбү?" деген...
3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү пикирлерди...
3-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан Кой-Таш окуясына карата, айрыкча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү коомчулукта түрдүү...