Жума, 17.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР БИЗНЕС-ИНФО

Эми MBANK кардарларына дүйнө боюнча 7 миллиард мобилдик капчыктар жеткиликтүү

17:36 05.09.2024
0
Эми MBANK кардарларына дүйнө боюнча 7 миллиард мобилдик капчыктар жеткиликтүү

2024-жылдын 5-сентябрында өлкөнүн алдыңкы банкы MBANK, дүйнөлүк финтех компаниясы Thunes менен биргеликте стратегиялык кызматташуу боюнча негизги келишимге кол коюшту.

Ийгиликтүү кызматташуунун аркасында кыргызстандыктар 160 өлкөгө ыкчам эл аралык төлөмдөрдү жүргүзө алышат.

Бул юридикалык жана жеке жактарга ар кайсы өлкөлөрдө ишканалардын ортосундагы жеткирүүлөр үчүн төлөөдөн, интернет-дүкөндөрдөгү товарларга төлөөгө, достор ортосундагы жеке которуулардан жана эл аралык операциялардын кеңири спектрин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

«Бул өнөктөштүк банк үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Thunes менен кызматташуу MBANK кардарларынын бардык категориялары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык которуулардын сапатын жана ылдамдыгын жогорулатып, аларды бардыгы үчүн жеткиликтүү кылат. Стратегиялык өнөктөштүк кардарларыбыздын жашоосун жеңилдете турган жаңы технологияларды киргизүүгө жана MBANK Кыргызстандын каржы базарындагы лидерлердин бири катары позициясын бекемдөөгө жардам берет», – деп белгиледи MBANK Башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу Улан Жанболотов.

Кыргызстандагы кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн дүйнө жүзү боюнча 7 миллиарддан ашык мобилдик капчыктарга жана банктык эсептерге улашуу мүмкүнчүлүгү ачык. Бул MBANK кардарлары бардык 350 төлөм ыкмаларын колдонуу менен чет мамлекетке тез жана оңой акча жөнөтө жана ала алышат дегенди билдирет.

Келечекте MBANK жана Thunes P2P, B2C жана C2B төлөмдөр чечимин региондордун башка өлкөлөрүнө, анын ичинде Армения, Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Молдова, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Кытайга төлөм чечимдерин кеңейтүүнү пландаштырууда, бул эл аралык базарда өнөктөштөрдүн позициясын чыңдайт.

Маалымат

Thunes — дүйнө жүзү боюнча акча которуулар үчүн глобалдык тармак. Thunes’тун дүйнөлүк түз төлөмдөр тармагы мүчөлөргө 130дан ашык өлкөдө жана 80ден ашуун валютада реалдуу убакытта төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Thunes тармагы GCash, M-Pesa, Airtel, MTN, Orange, JazzCash, Easypaisa, AliPay, WeChat Pay жана башка көптөгөн 350дөн ашык ар кандай төлөм ыкмалары аркылуу дүйнө жүзү боюнча 7 миллиарддан ашык мобилдик капчыктарга жана банк эсептерине түздөн-түз туташкан. Thunes’дун глобалдык түз төлөмдөр тармагынын мүчөлөрүнүн арасында Uber жана Deliveroo сыяктуу экономиканын гиганттары, Grab жана WeChat сыяктуу супер колдонмолор, ошондой эле акча которуу компаниялары, финтех компаниялар, төлөм кызматын провайдерлери (PSPs) жана банктар бар. Thunes’тун глобалдык түз төлөмдөр тармагы өзүнүн глобалдуу чөйрөсү, менчик интеллектуалдык казыналык башкаруу платформасы жана тармактын мүчөлөрүнө дүйнө жүзү боюнча реалдуу убакыт режиминде төлөмдөрдү жүргүзүүдө теңдешсиз ылдамдык, башкара билүүчүлүк, ачык-айкындуулук, коопсуздук жана экономикалык эффективдүүлүктү камсыз кылган Fortress Compliance коопсуздук инфраструктурасы менен айырмаланат. Thunes компаниясынын башкы кеңсеси Сингапурда жайгашкан жана 12 шаарда, анын ичинде Барселона, Пекин, Дубай, Лондон, Манила, Найроби, Париж, Эр-Рияд, Сан-Франциско, Сан-Паулу жана Шанхайда кеңселери бар. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн: https://www.thunes.com/

MBANK – жеке жана корпоративдик кардарлар үчүн каржылык кызматтардын кеңири спектрин көрсөткөн Кыргызстандагы биринчи санариптик банк. Банк заманбап жана ыңгайлуу банктык кызматтарды көрсөтүүгө умтулат, анын ичинде насыялар, депозиттер, кассалык эсеп-кысап кызматтары жана электрондук төлөмдөр бар.

MBANK өзүнүн кардарлары үчүн тейлөөнүн ынгайлуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн инновациялык финансылык чечимдерди жана технологияларды активдүү иштеп чыгууда. Банктын ишинин маанилүү аспектиси болуп, инновацияларды жана технологияларды киргизүү, финансылык сабаттуулукту колдоо жана Кыргызстандын банк секторун өнүктүрүү саналат.

 

1 / 9
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Бишкектин 148 жылдыгына арналган фейерверк жана музыка майрамы: шаардык жашоонун жаңы стандартынын белгиси

Бишкектин 148 жылдыгына арналган фейерверк жана музыка майрамы: шаардык жашоонун жаңы стандартынын белгиси

Автор Эдита Ильясова
14:58 17.04.2026
0

Бишкек шаарынын негизделгенине 148 жыл толгондугуна карата, 2026-жылдын 25-апрелинде Royal Central Park аймагында Фейерверк жана музыка майрамы расмий түрдө өтөт....

lalafo — One Magazine Awards 2025 версиясы боюнча жылдын мыкты маркетплейси!

lalafo — One Magazine Awards 2025 версиясы боюнча жылдын мыкты маркетплейси!

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:35 14.04.2026
0

Кыргызстандын эң популярдуу жарыялар платформасы lalafo «Жылдын маркетплейси» номинациясында кадыр-барктуу One Magazine Awards 2025 сыйлыгына татыды. Ай сайын lalafo 3,5...

«Ар күнү келгибиз келет!» MBANK балдардын кыялын ойготкон финансы сабактарын өткөрдү

«Ар күнү келгибиз келет!» MBANK балдардын кыялын ойготкон финансы сабактарын өткөрдү

Автор Эдита Ильясова
13:13 09.04.2026
0

Кыргызстанда балдардын акчага болгон көз карашы кескин өзгөрүп жатат. Ал эми бул жөн эле сабак эмес, кыялдарды ойготкон, келечекти өзгөрткөн...

Royal Central Park үчүн ипотекалык кредит программасын Компаньон банк жана RCA Living ишке киргизет

Royal Central Park үчүн ипотекалык кредит программасын Компаньон банк жана RCA Living ишке киргизет

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:00 07.04.2026
0

Бишкек, 4-апрель 2026-жыл – Компаньон Банк жана RCA Living компаниясы Royal Central Park шаардык комплексиндеги турак жай сатып алуучулар үчүн...

ROYAL CENTRAL PARK долбоорунда батирлер боюнча келишимдердин кескин өсүшү — 2026-жылдын 4-апрелиндеги иш-чаранын жыйынтыгы

ROYAL CENTRAL PARK долбоорунда батирлер боюнча келишимдердин кескин өсүшү — 2026-жылдын 4-апрелиндеги иш-чаранын жыйынтыгы

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:46 06.04.2026
0

2026-жылдын 4-апрели маанилүү күн болуп калды. Анткени RCA Living девелопери «The Essence – Инвестициялык тартуу борбору, гүлдөп-өсүүнүн башталышы» аттуу иш-чара...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Ошто түнү мушташкан жарандардын видеосу боюнча уруп-сабоого шектүү кармалды

Ошто түнү мушташкан жарандардын видеосу боюнча уруп-сабоого шектүү кармалды

09:40 17.04.2026
Ош шаарында 6-кабаттан студент кыз боюн таштаган, учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда

Ош шаарында 6-кабаттан студент кыз боюн таштаган, учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда

10:21 17.04.2026
91 миллион сомдон ашык салыкты мыйзамсыз эсептөө аныкталды

91 миллион сомдон ашык салыкты мыйзамсыз эсептөө аныкталды

10:46 17.04.2026
Маматалиев кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

Маматалиев кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

16:38 17.04.2026
Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

11:40 17.04.2026
УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

11:24 17.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү