«Манас» үчилтигинин англис тилине которулган китебинин бет ачар аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов , Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулу , белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер катышты. Иш-чаранын алкагында англис тилинде манас айтылып, коомчулуктун кызыгуусун арттырды.