20-апрелден 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад автоунаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди
18-апрелде Баткен облусунун Лейлек районундагы жол-транспорт кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери учак менен Бишкек шаарына жеткирилди. Бейтап Улуттук госпиталдын №2 реанимация...









