Димаш Кудайберген “Мейкин Азия” эл аралык фестивалында акысыз ырдап берет. Бул тууралуу маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев билдирди.
“Димаш Кудайбергендин карьерасы аталган фестивалдын баш байгесин алган 2013-жылы башталган. Иш-чараны колдоп, ырдап берүүнү сунуштады”, — деген ал.
Димаш фестивалдын акыркы күнү — 22-июлда ырдайт. Иш-чаранын өзү кечээ башталды.











