Кара тумоо: Эмнени билүү жана кандай коргонуу керек?
КАРА ТУМОО ДЕГЕН ЭМНЕ?
Кара тумоо (орусча "чума") — сейрек кездешүүчү, бирок өтө кооптуу жугуштуу оору. Ал жаныбарлар, бүргөлөр аркылуу жана адамдан адамга жугушу мүмкүн.
ИНФЕКЦИЯНЫ ЭМНЕЛЕР ТАРКАТЫШЫ МҮМКҮН?
Кара тумоону төмөнкүлөр таратышы мүмкүн:
-
Кемирүүчүлөр: суурлар, чычкандар, талаа чычкандары, келемиштер.
-
Жапайы жаныбарлар: түлкүлөр, күзөндөр, суусарлар, коёндор.
-
Үй жаныбарлары: айрым учурларда — төөлөр.
-
Бүргөлөр: ылаңдаган жаныбарлардын каны менен азыктанган мителер. Алар оорунун козгогучун алып жүрүп, адамга жугузушу мүмкүн.
ООРУ КАНТИП ЖУГАТ?
-
Ылаңдаган бүргөлөрдүн чакканынан.
-
Жапайы жаныбарлардын, айрыкча суурлардын терисин сыйрууда же өлүгүн бөлүп-жарууда.
-
Жапайы жаныбарлардын жакшы бышырылбаган этин жегенде.
-
Өпкө формасы менен ооруган адамдан — жөтөлгөндө же чүчкүргөндө.
ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ КАНДАЙ?
Оору күтүүсүздөн башталат. Төмөнкү белгилер байкалышы мүмкүн:
-
калтыроо жана дене табынын көтөрүлүшү (температура 40 °Cге чейин жетиши мүмкүн);
-
беттин кызарып, шишиши;
-
лимфа түйүндөрүнүн чоңоюп, оорушу (бубондук түрү);
-
жөтөл, көкүрөктүн оорушу, дем алуунун кыйындашы (өпкө формасында).
Маанилүү: өз алдынча дарыланууга аракет кылбаңыз.
Диагнозду бир гана дарыгер коюп, тиешелүү дарылоону дайындай алат.
ОРГАНИЗМДЕ ЭМНЕ БОЛОТ?
Инфекция лимфа системасын, ал эми өпкө формасында — өпкөнү жабыркатат.
Адамдын абалы абдан тез начарлашы мүмкүн. Медициналык жардам көрсөтүлбөсө, оору өмүргө коркунуч келтириши мүмкүн.
Бирок медициналык жардамга өз убагында кайрылса, адам толугу менен айыгып кетет.
КАРА ТУМООГО ШЕК БОЛГОНДО ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?
-
Ооруп жаткан адамды обочолонтуңуз (өзүнчө бөлмөгө жайгаштырыңыз).
-
Терезе жана эшиктерди жаап, башка адамдар менен болгон байланышты чектеңиз.
-
Жеке буюмдарды жана тамак-аш азыктарын бөлмөдөн сыртка чыгарбаңыз.
-
Жакынкы медициналык уюмга телефон аркылуу же кошуналардын жардамы менен кабарлаңыз.
-
Адистерди күтүңүз жана алардын көрсөтмөлөрүн так аткарыңыз.
ӨЗҮҢҮЗДҮ КАНТИП КОРГОО КЕРЕК?
-
Өлгөн жапайы жаныбарларга тийбеңиз жана аларга жакындабаңыз — бул тууралуу тиешелүү кызматтарга кабарлаңыз.
-
Суурларга аңчылык кылбаңыз жана аларды бөлүп-жарбаңыз.
-
Жапайы жаныбарлардын этин жебеңиз.
-
Эт менен иштегенден жана жаратылышта болгон соң колуңузду жакшылап жууңуз.
-
Үй-жайларды кемирүүчүлөргө жана курт-кумурскаларга каршы үзгүлтүксүз тазалап, иштетип туруңуз.
-
Чума коркунучу бар аймактарда чумага каршы эмдөө боюнча дарыгерден кеңеш алыңыз.
ЭГЕР СИЗ ЖАШАГАН АЙМАКТА КАРА ТУМОО АНЫКТАЛСА
-
Дарыгерлердин жана санитардык кызматтардын сунуштарын так аткарыңыз.
-
Сунушталса, медициналык текшерүүдөн өтүп, алдын алуу максатындагы дарылоону алыңыз.
-
Оорулуу адамдар менен байланышпаңыз, аралыкты сактаңыз жана зарыл болгон учурда беткап тагыныңыз.
ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН:
КАРА ТУМОО — кооптуу оору, бирок медициналык жардамга өз убагында кайрылганда аны дарылоого болот.
Коркпоңуз — тынч жана туура аракет кылыңыз.
Оорунун алгачкы белгилери байкалганда дароо жакынкы медициналык уюмга кайрылыңыз.