Учурда экинчи наристесин күтүп жаткан «Жебе» тобунун мурунку солисти, ырчы Минур Алтынбеков менен жубайы ымыркайдын жынысын ачыктады. Тагыраагы ырчынын жубайынын туулган күнүнө арналган кечеде жубайлар наристенин жынысын коноктордун алдында ачыктаган. Ага ылайык, түгөйдүн экинчи наристеси кыз болот.
Айта кетсек, ырчы менен келинчеги буга чейин Алихан аттуу уулдуу тарбиялап келишкен.