Бүгүн, 23-майда “Ала-Арча” көрүстөнүндө кыргыз телекөрсөтүүсүнүн легендасы, чыгаан диктор, Кыргыз Республикасынын эл артисти Бактыбек Мамытовдун эстелигинин ачылышы болду.
Эстеликтин ачылышында сөз алып сүйлөгөндөр Бактыбек Мамытовдун бийик адамгерчилиги, кесипкөйлүгү, ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилеси тууралуу бир катар жылуу пикирлерди айтып, анын басып өткөн жолу жаштарга үлгү болушу керектиги айтылды. Ошондой эле, Бактыбек Мамытовдун диктор катары балдарга, жаштарга, улууларга арналган көрсөтүүлөрдү, жаңылыктарды, саясий-коомдук берүүлөрдү, айыл чарба, укуктук, тармактык көрсөтүүлөрдү, өзгөчө “Арноо концерти” сыяктуу берүүлөрдү, мамлекеттик деңгээлдеги расмий иш-чараларды, майрамдык ири салтанаттарды бийик чеберчиликте алып барганы, кайталгангыс үнү, мукам тембри, алып баруу манерасы, көрүүчү, угуучуну арбап алгандыгы элдин эсинде экени эскерилди.
Бактыбек Мамытов 1950-жылы азыркы Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында төрөлгөн. 1967-жылы Чүй районунун Октябрь айылындагы орто мектепти аяктап, совхоздо эмгек жолун баштаган. 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып аны ийгиликтүү аяктаган. 1975-жылдын мартында Кыргыз ССРинин Телерадио комитетине диктор болуп жумушка алынган. Дээрлик 40 жылдан ашуун аталган мекемеде эмгек өтөгөн.
Алып баруучу Айзада Жамгырчиева турмуш жолуна аттанат. Ал социалдык тармактагы баракчасына сөйкө салуу салты болуп өткөнүн жазып, видео менен бөлүштү....
Кыргыз улуттук «Манас» театрынын төкмө акыны Изат Айдаркулова, дастанчысы Улукбек Токтоболот уулу президенттин Ардак грамотасы менен сыйланды. Бүгүн, 18-апрелде Бишкекте...
Кыргыз улуттук «Манас» театрынын төкмө акыны Баян Акматов “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы менен сыйланды. Бул тууралуу «Манас»...
Гиннесстин рекордсмени, белгилүү манасчы Рысбай Исаковго “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу "Манас" театрынан билдиришти. Бүгүн, 18-апрелде Бишкекте...
Бүгүн, 18-апрелде Бишкекте Манас театрынын имаратынын ачылышы болду. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров да катышты. Аталган театрдан билдиришкендей, Элмирбек Иманалиевге “Эмгек...