Пусан кинофестивалынын кызыл килеминде “Качкын” кыргыз тасмасынын тобу өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
«Качкын» тасмасы «Мыкты тасма» номанициясын алуу үчүн ат салышууда. Тасманын дүйнөлүк премьерасы 4-октябрь күнү болмокчу.
Пусан эл аралык кинофестивалы 1996-жылдан бери Кореянын Пусан шаарында жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан Азиядагы абройлуу кинофестивал. Быйыл кинофестиваль 2-11-октябрда өтөт.