Казакстандык, орусиялык режиссёр Тимур Бекмамбетовдун «Өзгөчө коркунучтуу» («Особо опасен») тасмасы АКШнын Netflix сервисинде эң көрүмдүү он тасманын катарына кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Голливуд актёрлору тартылган боевик эң көрүмдүү 10 тасманын 6-катарына илинген. Бекмамбетов бул ийгилигин күтүлбөгөн, сыймык жараткан жаңылык болду деп билдирген.
Тимур Бекмамбетовдун Голлливуддагы дебюту болгон «Өзгөчө коркунучтуу» тасмасы 2008-жылы экранга чыккан. Тасмага киножылдыздар Анжелина Жоли, Жеймс Макэвой, Морган Фримен, Константин Хабенский жана башкалар тартылган. Биринчи дем алыш күндөрү эле тасма дүйнөлүк сатыктан 83 миллион 200 миң доллар киреше тапкан. Ошондой эле эки «Оскар» сыйлыгын багынткан.
Режиссёр 1961-жылы Казакстандын Груьев шаарында төрөлүп, билим алып, кийинчерээк режиссёрлук карьерасын Орусиянын Москва шаарында уланткан. Ал «Күзгү күзөт» («Дневной дозор»), «Түнкү күзөт» («Ночной дозор»), «Балатылар» (Ёлки») жана башка тасмалары менен белгилүү.