Abank_oct
SerepTV Logo

Кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгына арналган республикалык театр фестивалынын ачылыш аземи өттү

Кыргыз профессионал театрынын 100 жылдыгына арналган республикалык театр фестивалынын ачылыш аземи өттү
 
26-октябрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында кыргыз профессионал театрынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын жаркын элесине арналган XIV республикалык театр фестивалынын ачылыш аземи болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков катышты. Ачылыш аземинин алкагында кызыл килемден фестивалга катышкан театрлардын өкүлдөрү өтүп, кыргыз театр искусствосунун кылымдык тарыхын жана чыгармачылык мурасын даңазалашты. Иш-чаранын алкагында «Эргүү» улуттук театр сыйлыгынын эл аралык конкурсунун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Фестиваль 26-30-октябрь күндөрү өтүп, ага эксперттик комиссиянын тандоосунан өткөн Кыргызстандын 10 театры катышууда. Иш-чаранын негизги максаты — улуттук театр искусствосунун өнүгүшүнө салым кошуу, чыгармачыл жамааттардын ортосунда тажрыйба алмашууну камсыз кылуу жана кыргыз профессионал театрынын тарыхый мурасын кеңири жайылтуу.
SEREP MEDIA