Abank_oct
SerepTV Logo

Опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева менен коштошуу зыйнаты эртең өтөт

Опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева менен коштошуу зыйнаты эртең өтөт
 
Кыргызстандын улуттук маданияты жана опера искусствосу орду толгус жоготууга учурады. 20-октябрда көрүнүктүү инсан, опера ырчысы, СССРдин эл артисти, профессор Кайыргүл Сартбаева 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Кайыргүл Сартбаева кыргыз опера искусствосунун өнүгүшүнө зор салым кошуп, өзүнүн кайталангыс үнү, бийик чеберчилиги жана көп жылдык чыгармачылык эмгеги менен улуттук маданияттын тарыхында өчпөс из калтырды. Анын чыгармачылык мурасы жана искусствого болгон берилгендиги элдин эсинде түбөлүк сакталат.

Коштошуу зыйнаты 22-октябрда саат 10:00дө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.
SEREP MEDIA