Abank_nov
SerepTV Logo

«Даңазалуу кылым» сериалындагы актриса Дениз Чакыр Түркияда баңгизат жана сойкулук боюнча кармалды

«Даңазалуу кылым» сериалындагы актриса Дениз Чакыр Түркияда баңгизат жана сойкулук боюнча кармалды

Стамбул прокуратурасы баңгизат жана сойкулукка байланыштуу иштин алкагында 35 адамды кармоого ордер берди. Алардын арасында «Даңазалуу кылым» сериалында Шах султандын ролун аткарган актриса Дениз Чакыр, ырчы Өзжан Дениз жана режиссёр Жем Каржи бар. Бул тууралуу Yeni Şafak басылмасы жазды.

Тергөө версиясы боюнча, иш сойкулукту уюштуруу, баңгизаттарды сатуу жана таратуу, ошондой эле аларды колдонуу жана сактоо фактыларына байланыштуу. Ишти козгоого шектүүлөрдүн жана күбөлөрдүн, анын ичинде жашыруун күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, ошондой эле алынган уюлдук телефондор менен санариптик маалымат каражаттарына жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыктары негиз болгон.

Прокуратура тергөө иштери уланып жатканын билдирди.

SEREP MEDIA