10-февралда Германиянын Берлин шаарында кыргыз диаспорасы Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин көмөгү менен куудулдар Мыктыбек Мукаев, Самат Эркинбеков, Кубаныч Курманбеков жана Бактияр Тынаевдин катышуусунда «Kyrgyz Stand Up» концертин уюштурду. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев иш-чараны ачып жатып, Кыргызстандан келген өнөрпоздорго, ошондой эле Берлин шаарындагы кыргыз диаспорасына иш-чараны уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Элчи мындай иш-чаралар жаштар арасында кыргыз тилине болгон кызыгууну арттырарын баса белгиледи. Бул демилгелер эне тилге болгон сый-урматты чыңдоого, ошондой эле анын заманбап дүйнөдө сакталып, өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Аталган иш-чара Германияда жашаган мекендештер арасында кыргыз тилин жайылтуу максатында өткөрүлдү.
“Рэкетир” тасмасынан белгилүү болгон казакстандык актёр Мурат Бисембин ооруканага түштү. Бул тууралуу анын кызы соцтармактагы баракчасына жазды. Маалыматка караганда, ал...
9-декабрь күнү манасчы Асаналы Калил уулунун жубайы социалдык баракчасы аркылуу күйөөсү манасчылар тарабынан сабалганын айтып, видеону жарыялаган. Асаналы Калил уулун...
Социалдык тармактарда Кыргыз улуттук “Манас” театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтар жарыяланган. Аталган жагдайды жеринде тактап, объективдүү...
Бишкектеги Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жаңы имаратын куруу иштери расмий түрдө башталды. Курулуп жаткан жаңы имараттын...
Алып баруучу Айзада Жамгырчиеванын атасы көз жумду. Бул тууралуу өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды. "Биздин үй-бүлөбүздө орду толгус чон жоготуу!...