Тарыхта алгачкы жолу Кыргызстан эң алдыңкы эл аралык музыкалык сынакка — «Интервидение 2025» сынагына кошулат. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Сынактын финалы Москва шаарында өтөт, ал эми баш байге — 300 000 евро.
Кыргызстандын намысын коргоо үчүн сахнага төмөнкү 15 мыкты аткаруучу көтөрүлөт:
Бек Исраилов, Аксай Мукамбет уулу, Камир, Курал Чокоев, Урмат Токомбаев, Айжан Нусувалиева, Адилет Жумабеков, Тамга, Yella, Ислам Акматов, Минжашар Мурзаев, Марат Талантбеков, Данияр Долотбаков, Азат Раимбердиев жана Каныкей.
Ал эми сахнанын жаркын коноктору — дүйнөнү дүңгүрөткөн «Город 312» жана көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган Амирчик!