Ушул жылдын 28-февралында актриса, режиссёр Ырыс Жоомартова оорудан улам 60 жаш курагында акка моюн сунган. Маркумдун сахналаш достору аны эскеришти. “Ырыс ооруп жатканын эч кимге айткан жок. Бизди сарсанаа болбосун десе керек. Өмүрүнүн акыркы күндөрү эч кимибиз менен сүйлөшпөй калган” дейт алар.
«Уулун пандемия болуп жатканда 50дөй киши чакырып үйлөнтүштү. Кызын өз колу менен турмушка узата албай калды. «Жакшы болуп кетсем экен, Наргизамды күйөөгө беришим керек» деп көп айтып калган дешти. Ишсиз жүрбөйт эле. Шашып эле калган. Бир жерде да тынч отура албайт эле.
Жолдошу өзүнө келе албай жүрөт. Дайыма биз менен жүргөндүктөн бизди көрсө, Ырысты эстейт. Жаман болбосун деп жолукпай жүрөбүз. Жүрөгү ооруп калабы дейбиз. Эми жакшылык болуп кызын узатып той бергенде чогулат болушубуз керек»,- дешти достору.