“Мейкин Азия” эл аралык музыкалык фестивалынын жалпы байге фонду 20 миң доллар. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.
«Жыл сайын фестивалдын деңгээли өсүп жатат. Быйыл Кыргызстан А класстагы сертификат алат. Бул өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын деңгээли Евровидениеге тең келгенин билдирет», — деди министр.











