Royal
SerepTV Logo

«Ну-ка, все вместе!» долбооруна катышкан Бек Исраилов: "1-2-орунду тең кыргыздарга бербесе керек"

«Ну-ка, все вместе!» долбооруна катышкан Бек Исраилов: "1-2-орунду тең кыргыздарга бербесе керек"
Бек Исраилов Орусиянын «Ну-ка, все вместе!» сынагына катышып келди. Ал бул сынакта орун ээлеген жок, бирок анын аткаруусу «Премьер-министр» тобунун мурдагы солисти Марат Чанышевге жагып калып, ал ырын белекке бергиси келгенин" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/culture/bek-israilov-nu-ka-vse-vmeste-dolboorunda-kytyysyz-belek-aldy/"> айтты. Ырчы SUPERTV телеканалына сынактан тажрыйба алганын айтты. "Жашоодо эмне болсо, анын баары жакшылыкка деп коюшат эмеспи. Өзүмө чоң тажрыйба жана мүмкүнчүлүктөрдү алдым. Сынактан Азат Раимбердиев 2-орун алды. Эми андай сынактарда биринчи жана экинчи орунду кыргыздарга бере бербейт болушу керек", - деди ал. Ал ошондой эле ырчы Азат Раимбердиев менен жаздырган кавер тууралуу кеп кылды. "Идеясы жакын досубуздуку. Кеңешин берип жатып, кыска каверди жаздырдык", - деди ал.