Режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы «КМШ, Балтика жана Грузиянын мыкты тасмасы» номинациясында «Ника» сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынан билдиришти.
Улуттук кинематографиялык «Ника» сыйлыгы кинематография жаатындагы жетишкендиктери, анын ичинде илимий жетишкендиктери жана улуттук кинонун өнүгүшүнө профессионалдык салымы үчүн берилген кесипкөй кинематографиялык сыйлык катары негизделген.
Сыйлыкты «Ника» Россия кинематографиялык искусство академиясы негиздеген.
КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасына талапкерлердин тизмеси:
- «Фариданын эки миң ыры», Өзбекстан, режиссер — Ёлкин Туйчиев;
- «Жаным, сен ишенбейсиң», Казакстан, режиссер — Ернар Нургалиев;
- «Сары мышык», Казакстан, режиссер — Адилхан Ержанов;
- «Өлүмдөн өлүмгө», Азербайжан, режиссер — Хилал Узейи Байдаров;
- «Шамбала», Кыргызстан, режиссер — Артык Сүйүндүков.