Ушул жылдын 28-февралында актриса, режиссёр Ырыс Жоомартова оорудан улам 60 жаш курагында акка моюн сунган. Маркумдун сахналаш достору аны эскеришти. “Ырыс ооруп жатканын эч кимге айткан жок. Бизди сарсанаа болбосун десе керек. Өмүрүнүн акыркы күндөрү эч кимибиз менен сүйлөшпөй калган” дейт алар.
«Акыркы жолу жолукканда аппарык болуп калыптыр. 15 жаштагы кичинекей кыздай. Баягы Ырыс жок. Жалаң чөп жеп калыптыр. «Аллергия болуп жатам, ачка болуш керек экен» деп жаман оорунун атын атабай койду. Балким ошондо айтса биз аяп, байкуш дейт белек. Ал биздин аяп караганыбызды каалаган жок окшойт.
Боз үйдөн коштошуп коёлу десек, жолдошу сүрөтүн эле көрсөтүп, «досторумдун элесинде мурдагы боюнча калайын» деп айткан деп көрсөткөн жок. Акыркы сапарга узатылып жатканда суук болуп, кар жаап жаткан. Коюп жатканда бир да кар жерге түшкөн жок. Сөөгүн жерге берер замат бороон башталды»,— дешти достору.