Ишемби, 18.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС

«Тасмага тартылам деп ойлогон да эмесмин». Орус тасмасына тартылган Кыргыз жигит менен маек

09:52 26.10.2021
0
«Тасмага тартылам деп ойлогон да эмесмин». Орус тасмасына тартылган Кыргыз жигит менен маек

Мындан бир ай мурда интернетте Кайратбек уулу Нурбол аттуу жигит роль ойногон Орусиянын «На близком расстоянии» тасмасынын тизери чыккан. Кийинчерээк тасманын режиссёру жигитти таппай жатканын айткан эле. Кечээ аны издеп жаткан режиссёр тапканы маалым болду. Кайратбек уулу Нурбол бир эле тасманын режиссёру эмес, аны менен маектешүү үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги да издеп жүргөн эле. 

«Режиссёр издеп жүргөндө мен Кыргызстанда болчумун» деген Нурбол биздин редакция менен маектешти.

— Өзүңүз жөнүндө айтып бериңизчи?

— Ош облусунун Сары-Булак айылынан болом, бирок Казакстанда төрөлгөм. 2001-жылкымын. Орусияда жүргөнүмө 2 жылдай болуп калды. 

— Сизди режиссер «байланышка чыкпай жатат» деп издеди эле. Ал учурда кайда болдуңуз? Эмне үчүн издептир?

— Мени режиссер издеп жүргөндө Кыргызстанда болчумун. Кинофестивалга чакырайын дептир. Анан кичине звукозапись калган экен (күлүп). 

— Тасмага кантип тартылып калдыңыз?

— Карантинде курьер болуп иштейт элем. Курьерлердин атайын сүйлөшө турган чаты бар болчу. Ал жерге режиссёр дагы катталган экен. Ошол жактан эле мени көрүп калып, жазып, киного тартылуу сунушун киргизишти. 

— Сиз менен тасмага тартылган актриса «ал жигит ким менен киного тартылып жатканын билген жок, бирок бат эле тил табышып кеттик» деди, чын эле ал айымдын белгилүү актриса экенин билген эмес белеңиз?

— Билгем. Бирок ага маани деле берген эмесмин. 

— Тасманын тизерине кыргыз ыр тандалды, буга сиздин байланыш барбы?

— Негизи тизерге деген 4-5 ыр бар болчу. Ошол ырлардын ичинен «Ак-Өргө сити» командасынын «Дык-кын-дыш» ырын тандадым. Мен тандаган ыр десем болот. 

— Тасмага тартылган жактыбы? Дагы сунуш түшсө жообуңуз кандай болмок?

— Ооба, тасмага тартылган абдан жакты. Макул болмокмун. 

— Актер болуу кыялыңызда бар беле?

— Жок, ал тууралуу ойлонгон да эмес экем. Бирок кино көргөндү жакшы көрөм. Өзүм спорт жаатында кетким келген.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Маданият кызматкерлеринин айлыгы 2 эсе көтөрүлөт

Маданият кызматкерлеринин айлыгы 2 эсе көтөрүлөт

Автор Айзада Тураркулова
10:24 22.01.2026
0

Маданият кызматкерлеринин айлыгы апрель айынан тарта 2 эсе көтөрүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары...

Орусиялык актриса Вера Алентова 83 жашында каза болду

Орусиялык актриса Вера Алентова 83 жашында каза болду

Автор СЕРЕП МЕДИА
19:01 25.12.2025
0

Бүгүн, 25-декабрда Вера Алентова көз жумду, Эл артисти 83 жашта болгон. Бул тууралуу ал 60 жыл кызмат кылган Пушкин атындагы театрдан билдиришти....

«Рэкетир» тасмасынын жылдызы Мурат Бисембин ооруканага түштү

«Рэкетир» тасмасынын жылдызы Мурат Бисембин ооруканага түштү

Автор Эдита Ильясова
10:39 22.12.2025
0

“Рэкетир” тасмасынан белгилүү болгон казакстандык актёр Мурат Бисембин ооруканага түштү. Бул тууралуу анын кызы соцтармактагы баракчасына жазды. Маалыматка караганда, ал...

Рыспай Исаков: «Манас дүйнөсүнө сөз тийгизгенибиз үчүн кечирим сурайм»

Рыспай Исаков: «Манас дүйнөсүнө сөз тийгизгенибиз үчүн кечирим сурайм»

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
09:47 12.12.2025
0

9-декабрь күнү манасчы Асаналы Калил уулунун жубайы социалдык баракчасы аркылуу күйөөсү манасчылар тарабынан сабалганын айтып, видеону жарыялаган. Асаналы Калил уулун...

Министрлик Манас театрындагы кырдаалды иликтөө үчүн комиссия түздү

Министрлик Манас театрындагы кырдаалды иликтөө үчүн комиссия түздү

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
09:28 11.12.2025
0

Социалдык тармактарда Кыргыз улуттук “Манас” театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтар жарыяланган. Аталган жагдайды жеринде тактап, объективдүү...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Ошто түнү мушташкан жарандардын видеосу боюнча уруп-сабоого шектүү кармалды

Ошто түнү мушташкан жарандардын видеосу боюнча уруп-сабоого шектүү кармалды

09:40 17.04.2026
Ош шаарында 6-кабаттан студент кыз боюн таштаган, учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда

Ош шаарында 6-кабаттан студент кыз боюн таштаган, учурда жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда

10:21 17.04.2026
91 миллион сомдон ашык салыкты мыйзамсыз эсептөө аныкталды

91 миллион сомдон ашык салыкты мыйзамсыз эсептөө аныкталды

10:46 17.04.2026
Маматалиев кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

Маматалиев кыргызстандыктар үчүн Түркиянын ооруканаларында дарыланууга бөлүнгөн квотаны көбөйтүүнү сунуштады

16:38 17.04.2026
Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

11:40 17.04.2026
УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

11:24 17.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү