Бүгүн, 15-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу ырчы Каныкей Алымбековга “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин тапшырды.
Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койгон. Чыңгыз Эсенгул уулу өнөр адамдарына сыйлыктарды тапшырып жатып, аларга чыгармачылыктагы ийгиликтерди жана бекем ден-соолук каалады.
Алымбекова Каныкей Муратбековна тууралуу:
Каныкей 1987-жылдын 16-октябрында Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында төрөлгөн. 2011-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайын, 2018-жылы К.Молдобасанов атындыгы Кыргыз Улуттук консерваториясын, ал эми 2011- жылы Кыргызстан Эл аралык университетинин ийгиликтүү аяктаган. Каныкей учурда Бишкек шаарындагы №75 лицейде “Музыка” сабагы боюнча окутуучу, ал эми 2023-жылдан тарта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында солист болуп эмгектенип келет. Чыгармачылык жолу 2008-жылы башталып, алгачкы концерти 2011-жылы коюлган. Репертуарында сөзү жана обону өзүнө таандык 50 дөн ашык ыры бар. “Коё бергин мени кайгы”, “Садагам” жана “Куурчак” аттуу альбомдору бар. Каныкей эл аралык фестивалдарга жана мамлекеттик деңгээлдеги иш чараларга катышып келет.
Кечээ, 19-июлда Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүнүн алкагында «Голубые купола» сейил багында эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык...
Төкмө акын, дастанчыларга “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси тапшырылды. Бул тууралуу "Манас" театрынан билдиришти. Кыргыз улуттук «Манас» театры төкмө акындары...
Бүгүн, 9-июль күнү “Ала-Арча” көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы “Манас” орденинин ээси, автордук кинонун негиздөөчүлөрүнүн бири, кинорежиссёр, сценарист...
Кыргызстанда 22-23-июнь күндөрү Маданият министрлигинин колдоосу менен эл аралык Fusion Concept Qualifier Kyrgyzstan 2024 аталышындагы бий фестивалы өттү. Бул Париж...