СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» бөлүмүнө Бишкектин Ажыбек Баатыр 1/7 дарегинде жаңы салынган үйдүн жашоочулары кайрылышты.
Алардын айтымында, үйдү «Восток Строй Инвест» курулуш компаниясы салган. Учурда ал үйдүн 80-90 пайызында кишилер жашайт. Бирок үйдө газ, лифт, суу жок. Ал эми жарык бар, ал да маал-маалы менен өчүрүлүп турат. Алар түнү менен үшүп-тоңуп чыгып жатканын айтышып, чара көрүү суранычы менен өлкө башчысы менен УКМКнын төрагасына кайрылышты.
Жашоочулардын айтымында, курулуш компания улам эле жакынкы аралыкта болорун айтып, ишендирип келет, бирок сөзүнө турушпайт.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу же башка окуяга күбө болсоңуз, сүрөткө, видеого тартып жөнөтсөңүз болот. Окуя тууралуу кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 227 888 302 номерине жибериңиз.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин "Элдик кабарчы" рубрикасына шаар тургуну видео жөнөттү. Видеодон автобус айдоочу жанаша кетип бара жаткан унаадагыларга колу...
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин "Элдик кабарчы" бөлүмүнө Гүлниза Мызаева аттуу Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылынын тургуну кайрылып, жолбун иттер...
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин "Элдик кабарчы" бөлүмүнө Ысык-Көлдө тартылган видео келди. Видео бүгүн, 13-декабрда Ысык-Көл районунун Корумду айылында тартылган. Күбө...
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин "Элдик кабарчы" бөлүмүнө окурман кайрылып, Бишкекте бузулуп жаткан “Ожак кебап” кафесин бузуу иштери жөө адамдарга ыңгайсыздык...