Abank_oct
SerepTV Logo

Садыр Жапаров милиция кызматкерлерине: "1-декабрдан баштап жогорулаган айлыктарды жана пенсияларды алып баштайсыздар"

Садыр Жапаров милиция кызматкерлерине: "1-декабрдан баштап жогорулаган айлыктарды жана пенсияларды алып баштайсыздар"
Президент, өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда Ички иштер министрлигинин өздүк курамын кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Кыргыз милициясынын тарых-таржымалы мамлекетибиздин калыптануу жолу менен тыгыз байланышкан.
Бир кылымдык мезгилди артка таштап, коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана мыйзамдуулукту бекемдөө милдеттерин талыкпастан так аткарууга жан үрөп келе жатасыздар.

Бул байсалдуу жолдо милициянын тагдырында жалаң эле ийгиликтер боло койгон жок. Элибиздин башынан өткөн оор саясий мезгилдер, репрессиялар, согуш жылдары, андан берки коомдук түзүлүштөгү өзгөрүүлөр ички иштер органдарына олуттуу таасирин тийгизип жүрүп олтурду. Бирок, ага карабастан, берген антына бек турган тартип сакчылары уюшкан кылмыштуу топторго, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, рэкетчиликке жана башка ушул өңүттөгү улуттук деңгээлдеги коркунучтарга каршы күрөшүп, эл алдындагы, Мекен алдындагы милдеттерин аткарышкан. Мындай капсалаңдуу доорлордо орун алган өйдө-төмөн окуялардын баарынан азыркы Кыргыз милициясы чоң сабак алды.

Эми бүгүнкү күндө абал таптакыр башка. Соңку алты жылдан бери мамлекет ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, кызматтык имараттарын жаңылоого, өздүк курамдын социалдык шарттарын жакшыртууга жана заманбап санариптик технологияларды ишке киргизүүгө өзгөчө көңүл буруп келе жатат. Ички иштер органдарынын кызматкерлерине дем берүү максатында алардын айлык маянасын жана ардагерлердин пенсиясын жогорулаттык.

Буюрса, ушул жылдын 1-декабрынан баштап, жогорулаган айлыктарды жана пенсияларды алып баштайсыздар.
Ал эми Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу милиция кызматкерлеринин социалдык абалын жакшыртуу багытында турак жайларды ырааты менен берип жатканыбызды жакшы билесиздер. Мамлекеттик деңгээлде ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп, материалдык-техникалык жана технологиялык жактан камсыздап, штаттык бирдиктерди бөлүп берүү жаатындагы маселелерди четинен чечип берип жатабыз. Мындай ар тараптуу колдоолор мындан ары да улантылат. Мына ушул сыяктуу иш-аракеттерибиздин негизинде кыргыз милициясынын ишмердигин мезгил талабына жараша уюштуруп, жарандардын укуктарын ишенимдүү коргогон, коомдук тартипти кынтыксыз камсыздаган, жаңы пайда болгон коркунучтарга туруштук бере алган күчтүү санариптик заманбап милицияны түзө алдык.

Бүгүнкү салтанаттын урматтуу катышуучулары! Бүгүн дагы бир саамалыкка күбө болобуз. Өлкөбүздүн коопсуздугун камсыздап жаткан Кыргыз милициясынын кесиптик майрамында, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кайгуул-күзөт полкунун заманбап шарттары менен курулган, күжүрмөн милдеттерди ыкчам ишке ашырууга ыңгайлашкан жаңы имаратын ачып жатабыз. Ошону менен бирге, милициянын 102 жылдыгына карата 102 даана жаңы автоунааларды тапшырабыз. Мындан сырткары, жалпы өлкө боюнча коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоону күчөтүүгө шарт түзүү максатында, жер-жерлердеги ички иштер органдарына тиешелүү болгон 42 жаңы имаратты онлайн ачып, ишке киргизебиз.

Ачылып жаткан жаңы имараттар жана тапшырылып жаткан жаңы автоунаалар “Коопсуз өлкө” долбоорунун негизинде ишке ашырылып жатканын баса белгилеп айта кетейин. Себеби, былтыр Ички иштер министри Улан Омоканович аталган долбоордун алкагында коопсуздукту камсыздоону арттыруу боюнча тапшырмаларды бергем. Анда экономиканын, билим-илимдин, инновациянын борбору болгон Бишкек шаарынын коопсуздугун жакшыртуу зарылдыгын белгилеп, Кайгуул-күзөт полкун түзүүнү жана заманбап шарттагы жаңы имарат куруп, баардык жактан төп келген санариптешкен милиция түзүмүн иштеп чыгууну тапшыргам. Ошондой эле жер-жерлердеги эл менен тыгыз иш алып барууга шарт түзүү максатында аймактык ички иштер органдарына жаңы имараттарды салууну тапшырган элем. Берилген тапшырмалардын жыйынтыгын бүгүн мына сиздер менен чогуу көрүп жатабыз.

Урматтуу тартип сакчылары! Эми Кыргыз милициясынын ар бир кызматкери жүктөлгөн милдеттерин кынтыксыз аткарып, кесиптик деңгээлин үзгүлтүксүз жогорулатып, коом алдындагы бийик вазийпаны терең сезип, аң-сезимдүү иш алып барууга тийиш! Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө жана жүктөлгөн милдеттерди аткарууда мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти жана бийик жоопкерчиликти сактоону талап кылам! Албетте, милиция кызматкери болуу – ар кимдин эле колунан келе бербей турган, өзгөчө кыраакылыкты, ар-намысты талап кылган жоопкерчиликтүү кесип. Демек, сиздер рухий жактан да, билим жактан да күчтүү болушуңар керек. Бирок, күчтүн жанында калыстык, чечкиндүүлүктүн жанында сабырдуулук, мыйзамдуулуктун жанында адилеттүүлүк ар дайым коштоп жүрүүсү шарт.

Кадырлуу ардагерлер, Сиздер ар кандай кыйчалыш мезгилдерде Мекенибиздин тынчтыгын сактап, элибиздин коопсуздугу үчүн бүткүл өмүрүңүздөрдү арнап, кызмат өтөдүңүздөр. Өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон эмгек жолуңуздар: чиеленишкен татаал кырдаалдарда кабыл алган чечимиңиздер жана кызматка болгон ак ниет мамилеңиздер жаш милиционерлер үчүн өрнөк болуп кала берет.

Урматтуу тартип сакчылары! Өзүңүздөргө маалым, азыркы учурда мамлекеттик деңгээлдеги экономикабызды арттырууга, ишкердикти колдоого, билим берүүнү жакшыртууга, инфратүзүмдү өнүктүрүүгө, эң башкысы элибиздин жашоо-турмушун көтөрүүгө багытталган стратегиялык иштерди алпарып жатабыз. Бул аракеттердин баары, эң биринчи кезекте, туруктуу коомдук чөйрөнү жана мыйзам үстөмдүгүн талап кылат. Демек, коомдук коопсуздугун камсыз кылуу – өнүгүүгө жол ачкан негизги багыттардын бири! Ошондуктан, элибиздин коопсуздугун камсыздоону жакшыртуу максатында заманбап мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, ишмердикти жогорулатууга багытталган иш-чараларды күчөтүүбүз керек.

Бүгүнкү майрам күнүндө баарыңыздарга үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм. Ал эми ардактуу ардагерлерибизге бекем ден соолук, дөөлөттүү карылык тилейм. Эли-журтубузду дайыма ынтымак жана биримдик болсун. Өсүп-өнүгүүгө бет алган байсалдуу жолубуздан кайтпай, алдыбызга койгон максаттарыбызга бирге жетели! Кайгуул-күзөт полкунун жаңы имараты жана аймактардагы жаңы объектилер баарыбызга кут болсун! Майрамыңыздар менен, урматтуу милиция кызматкерлери!”.
SEREP MEDIA