Конгодо Эбола вирусунан каза болгондордун саны 5 миңден ашты
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, вирустун акыркы очогу катталгандан бери 5026 адам каза болгону тастыкталды. Ал эми инфекция жуктургандардын саны 10 351ге жетти. Учурда 1101 адам дарыланып же карантинде жатат. Ооруга чалдыккан 2788 адам айыгып чыкты.
Эксперттер чыныгы каза болгондордун саны мындан да көп болушу мүмкүн деп эсептешет. Анткени вирус февраль айынан тарта, башкача айтканда, 15-майда оорунун очогу расмий жарыяланганга чейин эле байкалбай тарап жаткан болушу мүмкүн.
Бундибугйо штаммынан пайда болгон оору Конго Демократиялык Республикасында тез жайылууда. Оорунун учурлары аймактагы башка өлкөлөрдө да катталган.
Вирус оңой жугат жана узак убакытка чейин байкалбай калышы мүмкүн. Себеби анын айрым белгилери башка оорулардын белгилерине окшош. Эбола вирусу оорулуу адамдын биологиялык суюктуктары менен түздөн-түз байланышта болгондо жугат жана оор геморрагиялык ысытмага алып келиши мүмкүн.