№38 мектепте окуучулар тепкичте тыгылышып, 6-класстын окуучусунун буту сынды (видео)

Кечээ, 16-декабрда №38 мектепте окуучулар тепкичте тыгылышып, 6-класстын окуучусунун буту сынды.

Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгы тыныгуу маалында окуучулардын бири ойноп жатып жарыкты өчүрүп алганын, ошол маалда тепкичте окуучулар тыгылышып, 6-класстын окуучусун тепселеп кетишкен. «Мектеп жетекчилиги кырдаалды жөнгө салды. Тилекке каршы, орто класстын бир окуучусу жабыркады. Бүгүнкү күндө бул окуя боюнча комиссия иштеп жатат. Тиешелүү иштер аяктагандан кийин расмий маалымат берилет”, — деп билдирди билим берүү башкармалыгы.