Президенттин командасы «Элчилерди» 3:0 эсебинде жеңди

Бүгүн, 15-декабрда Бишкекте президент Садыр Жапаров баштаган футбол боюнча «Мурас» салттуу беттешинин экинчи күнү. Анда турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталат.

Оюнга президенттин командасы «Элчилер» командасы менен беттешке чыкты. 1-таймдын 1-мүнөтүндө эсеп сандар ачылып, президенттин командасы алдыга чыкты. Ал эми 4-мүнөтүндө Садыр Жапаров командасына дагы бир упай алып келди. 1-тайм 2:0 эсебинде аяктады.

Ал эми 2-таймда эсеп сандар 3:0 болуп, оюндун акырына чейин эсеп сандар өзгөргөн жок.