Депутат Абиров машыгуудан сүрөт жарыялап, бирок кайра өчүрүп салды

Жогорку Кеңештин депутат Жаныбек Абиров машыгуудан сүрөт жарыялап, ал соцтармакта талкуу жаратып, кийин эл өкүлү билдирүүсүн өчүрүп салды.

Ал 25-июлдан бери диетага отуруп, күн сайын машыгып жатканын айтып, 2-октябрда 2009-жылдан бери биринчи жолу салмагы 80 килограммга түшкөнүн жазды.

Жаныбек Абиров 33 жашта. Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округ боюнча Бишкектин Ленин районунан шайланып келген.