Мектеп окуучулары жана студенттер 1-майдан 9-майга чейин окубайт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министрлер кабинети тарабынан бекитилген 2022-жылдын өндүрүштүк календарына ылайык, 1-9-май иш эмес күн деп жарыяланган. Мектеп окуучулары жана студенттер 10-майда окууга кайтышат.