Abank_oct
SerepTV Logo

Тармактык комитетте боор жана бөйрөк органдарын трансплантациялоо боюнча иштин абалы тууралуу маалымат угулду

Тармактык комитетте боор жана бөйрөк органдарын трансплантациялоо боюнча иштин абалы тууралуу маалымат угулду
Бүгүн, 26-октябрдагы Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Улугбек Ормоновдун демилгеси менен Кыргыз Республикасында боор жана бөйрөк органдарын трансплантациялоо боюнча иштин абалы жана бөлүнгөн финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылышы тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы угулуп, эске алынды.

Баяндама жасаган Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев белгилегендей, жалпысынан өлкөдө органдарды трансплантациялоо боюнча Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 89, Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 19, ал эми Ош мамлекеттик университетинин клиникасында 8 операция жасалган. Жыйынга органдарды трансплантациялоо боюнча операцияларды башынан өткөргөн бейтаптардын бирикмелеринин өкүлдөрү да катышып, талкууланып жаткан маселе боюнча өз сунуштарын билдиришти.

Талкуу маалында депутат Улугбек Ормонов Саламаттыкты сактоо министрлигинин отчетунда чет өлкөлөрдө жасалган трансплантациялык операциялардын саны тууралуу маалымат камтылбаганын айтты. Ошондой эле эл өкүлү органдарды трансплантациялоо тармагына 2024-жылы 100 млн сом, 2025-жылы 33 млн сом, ал эми 2026-жылы 64 млн сом бөлүнгөнүн маалымдап, аталган каражаттарды максаттуу пайдалануу маселесин ортого салды. Бул багыттагы маалыматтар Эсептөө палатасынын акыркы үч жылдагы отчетторунда толук чагылдырылбаганын да кошумчалады. Муну менен катар Улугбек Ормонов трансплантациялоо боюнча операцияларды уюштуруунун алкагында имараттарды оңдоо, операциялык бөлмөлөр үчүн медициналык жабдууларды сатып алуу жана башка чыгымдар боюнча маселелерге токтолуп, жооптуу мамлекеттик органдарды түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдаланууга жана бул операцияларды өлкө ичинде сапаттуу уюштуруу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө чакырды.

Өз кезегинде депутат Жылдыз Эгенбердиева өлкөдө жасалган трансплантациялоо боюнча операциялардын баасы, органдарды трансплантациялоого муктаж жарандардын бирдиктүү реестрин түзүү, ошондой эле операциядан кийинки мезгилде бейтаптарды дары-дармек менен камсыздоо маселелерине кызыкты. Эл өкүлү Улукбек Карыбек уулу да операциялардын баасын түзүү, алардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана донорлук маселесин укуктук жактан жөнгө салуу боюнча суроолорду узатты. Ал эми депутат Алтынбек Кылычбаев онкологиялык оорулардын жайылуу тенденцияларына токтолуп, өзгөчө химиотерапия алып жаткан балдарды зарыл дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча «Кыргызфармация» ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу сөз кылды.
SEREP MEDIA