1-августтан тарта кайсы кызматкерлердин айлыктары көбөйдү? Тизме

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттан маалымдашты.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын категориялар боюнча жогорулатуу төмөнкүдөй:

Министрликтер

Маселен, министрликтин бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акысысоциалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен орточо 34 миң 445 сом болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып эмгек акысы 67 миң 749 сомго жетти.

Мисалы, министрликтин жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акысы  21 миң 098 сомду түзсө, 1-августтан тартып 49 миң 012 сом болот.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (ЖМА)

Мисалы, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акысы 22 миң 170 сомду түзсө, эми 41 миң 319 сом алышат.

Ал эми жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетектөөчү адисинин социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эсепке алуу менен чегерилген эмгек акысы 18 миң 214 сомду түзүп келген болсо, 1-августтан тартып 35 миң 940 сомду түзөт.

Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү (АБ)

Маселен, аймактык бөлүмдүн бөлүм башчысынын эмгек акысы социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен 17 миң 637 сомду түзүп келсе, эми 38 миң 830 сомго көтөрүлдү. 

Аймактык бөлүмдүн жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акысы 14 миң 442 сомдон 32 миң 110 сомго көтөрүлдү.

Райондук маанидеги шаар мэриялары

Мисалы, мэриянын бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акысы 16 иң 883 сомду түзүп келген болсо, 1-августтан тартып, 39 миң 785 сомго көбөйдү. 

Мэриянын жетектөөчү адисинин эмгек акысы 13 миң 813 сомдон 34 миң 708 сомго көтөрүлдү.

Айыл өкмөттөрү

Айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акысы 16 миң 125 сомду түзүп келген болсо, эми 33 миң сом болот.

Айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адисинин эмгек акысы 13 миң 184 сом болсо, 1-августтан тартып, 27 миң 706 сомго жетти.