1-марттан тарта COVID-19 шарттарында Кыргызстанга кирүүнүн жаңыланган эрежелери күчүнө кирди. Бул тууралуу ыкчам штабдан билдиришти.
Чек арадан унаа менен өтүүнү/конууну каттоодо авиакомпания өкүлдөрүнө акыркы 72 саатта жасалган SARS-СoV-2га ПЦР-изилдөөнүн терс жыйынтыгы же коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны алгандыгын күбөлөндүргөн документ (кагаз же санариптик түрдө) көрсөтүлөт.
Учакка отурууга коронавирус инфекциясынын клиникалык белгилери жок адамдарга уруксат берилет.
ПЦР-анализ же эмдөө тууралуу сертификат:
— ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) коштоосундагы 12 жашка чейинки балдардан талап кылынбайт.
ПЦР-тесттин жарактуулук мөөнөтү учуу, авиакаттамдардын кечигүүсү/транзиттик жүрүүгө байланыштуу объективдүү себептер боюнча аяктагандан кийин Кыргыз жарандары, чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар экспресс тесттен өтүүгө милдеттүү.