Abank_oct
SerepTV Logo

Кыргызстанда күндүн кескин сууктаганына байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

Кыргызстанда күндүн кескин сууктаганына байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү
Кечээ, 27-октябрда Кыргызстандын энергосистемасында электр энергиясын суткалык керектөө 64 млн 318 миң кВт·саатка жетти. Бул — күз мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч. 

Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле күнүнө салыштырмалуу 16 млн 449 миң кВт·саатка көп. Тактап айтканда, 2025-жылдын 27-октябрында электр энергиясын суткалык керектөө 47 млн 869 миң кВт·саатты түзгөн. Салыштырып айтсак, электр энергиясын суткасына 66 млн кВт·саат жана андан көп керектөө адатта кыштын эң суук айларынын бири болгон декабрда байкалат. Бирок быйыл электр энергиясын керектөө октябрь айында эле декабрдагы кышкы көрсөткүчтөргө жакындады.

Электр энергиясын керектөөнүн өсүшү, биринчи кезекте, аба ырайынын суукташы жана электр менен жылытуучу шаймандардын көбүрөөк колдонулушу менен байланыштуу. Натыйжада электр тармактарына, трансформаторлорго жана башка жабдууларга түшкөн жүктөм кыйла көбөйүүдө.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК (КУЭТ) электр тармактарынын техникалык абалына жана жүктөм жогорулаган шарттагы ишине күнү-түнү көзөмөл жүргүзүүдө. Ушуга байланыштуу КУЭТ керектөөчүлөрдөн эртең менен жана кечинде электр энергиясын керектөө эң жогорку чекке жеткен сааттарда аны сарамжалдуу пайдаланууга өзгөчө көңүл бурууну өтүнөт. Бул күнүмдүк турмуштагы ыңгайлуулуктардан баш тартуу керек дегенди билдирбейт. Мүмкүнчүлүккө жараша электр энергиясын көп керектеген шаймандарды бир убакта эмес, кезектештирип колдонуу жетиштүү. Айрыкча электр энергиясын керектөө эң жогорку деңгээлге жеткен сааттарда ушундай жөнөкөй аракеттер электр тармактарына бир учурда түшкөн жүктөмдү азайтууга жардам берет.
SEREP MEDIA